10-июнда КР өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалым Рустамов Нарын облусундагы корукка барды. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Абдыкалым Рустамов коруктагы багылган маралдарды Жалал-Абад облусуна көчүрүү долбоорун жергиликтүү адистер менен талкуулады.

Маалымат боюнча, 20-июндан кийин маралдар Аксы районуна көчүрүлөт. Ал жерде бугуларга атайын орун даярдалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.