Соң-Көл көлүнө жасалма жол менен кое берилген 2 жарым миллион малек балыктары браконьерлер тарабынан аесуз кырылууда. Бул тууралуу Мамэкотехинспекция кабарлады.

Соң-Көл балык чарбасы тарабынан майда балыктар жасалма жол менен көбөйтүлүп, багып аны кайра көлгө кое беришкен. Адистер тарабынан кое берилген балыктар үч жыл ичинде чоңоюп, андан кийин гана икра чача башташат. Бирок бул мөөнөткө жеткирбей эле браконьерлердин кесепетинен балыктардын саны кескин азайган. Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын Кочкор жана Жумгал райондору боюнча регионалдык башкармалыгын инспекторлору, Сон-Көл балык чарбасынын адистери жана Нарын регионундагы укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте рейд жүргүзүштү.

“Рейдде беш даана кайык жана 4 мин метр балык кармоочу торлор колго түшүрүлдү. Ошондой эле рейд учурунда браконьерлер тарабынан инспекторлорго кол салуу аракети болуп, кайыктарды кайра артка кайтарып бергиле деген коркутуу талаптарын коюшкан”, – деп белгиленди.

Инспекторлор тарабынан кайык жана торлор укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, протоколдор толтурулду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.