Ысык-Көлдүн тазалыгы мамлекетибиздин орчунду маселеси болду. Көлдүн жээгинде активисттердин күчү менен ар дайым ишенбиликтер өткөрүлөт. Жээектен сырткары, таштандылар суунун түбүнөн да алынып чыгат. “Таза Ысык-Көл” коомдук кыймылын мүчөөсү Валерия Кадыгрованын айтымында, көлдүн түбүнөн бир түшкөндө 5 дөңгөлөк табылат.

Маалымат боюнча, биринчи акцияда суунун түбүнөн 30 баштык таштанды чыккан. Таштандылардын көбүнчөсү пластик бөтөлкөлөр менен кичинекей баштыктар.

“Өспүрүмдөр бөтөлкөгө кум толтуруп сууга ыргытып ойношот, бирок алардын баарын кайра табылбай калат. Алардын оордугунан суудан алып чыгуу аябай татаал болот. Ар бир акцияда биз 5тен ашык унаанын дөңгөлөктөрүн алып чыгабыз”, – деп активист айтып берди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.