Ысык-Көлдүн № 39-40-жер тилкелеринде балык улоого каршы рейд иштери башталды. Анын алкагына 4 күндүн ичинде 4 кайык, 70 км көлдөн кытай торлору алынды.

Көл үстүндөгү браконьерерге каршы рейдке Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын Жети-Ѳгүз, Ак-Суу, Түп жана Каракол шаары боюнча башкармалыгы, ОИИБ кызматкерлери, мамлекеттик жаратылыш коругунун мүчөлөрү тартылууда. Мамэкотехинспекциянын аймактар арасында башчысынын орун басары Бакытбек Элебесов иштери тууралуу төмөндөгу пикирлерге токтолду.

«Биз 16-ноябрдан бери өзүбүзгө тиешелүү көлдүн айланасына рейд иштерин жүргүзүп жатабыз. Анын ичинен Тү районунун Ой тал, Ой булак, Күрмөнтү жана Түп айылдарын тандап алганыбыздын себеби сига лудогу икра чачууда ошол тилкени көздөй өрдөп чыгат. Ошондуктан жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү менен катар күнүгө рейд иштерин улантып жатабыз. Дал ушул мезгилде көлөмү кандай балык болбосун 1 башына 2020 сом айып тагылат. Азырынча браконьерлер колго түшө элек. Бирок, бул иш аракетти 31-декабрга чейин улантабыз», деди Б.Элебесов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.