Ысык-Көл облусунда 2018-жылдын жыйынтыгы менен 114 карышкыр, 2 бөлтүрүк, 62 чөө атылган. Анын жыйынтыгы менен мергенчилерге акчалай 585 миӊ 500 сом тапшырылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш айланалары департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлү Төлөгөн Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында жана жырткыч жаныбарларды жок кылуу иштерине райондордогу 5 бригада жана мергенчиликти сүйүүчүлөрдөн 9 топ тартылган. Комиссиянын курмамы жалпысынан 91 баш карышкырга, 1 бөлтүрүккө, 19 чөөгө акчалай сыйлык берүүнү туура көрүшкөн. Ал эми калган 67 баш жырткычтын терилери комиссиянын курманынан өткөн жок.

«Ѳкмөттүн №89-токтомунун негизинде атылган жырткыч жаныбарлар сүрөт же видео далил менен бир айдын ичинде өткөрүлүшү шарт. Андан соӊ, облустук ветеринардык, санитардык эпидемиологиялык кызматкерлери, экотехинспекциясы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык айкындуулук менен каралат. Анын жыйынтыгы менен ар бир карышкырга 6 миӊ сомдон, чөөгө 2 миӊ сомдон бөлүндү. Алдыда Жети-Ѳгүз районунда атылган 10 жырткычтын терилери каралууда»,-деди Үсөнбаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.