Ысык-Көлдө 11 жарым айдын ичинде жаныбарлар дүйнөсү менен өсүмдүктөргө 79 мыйзамсыз иш катталды. Коюлган доо 1 миллион 832 миӊ сомго чамалап, 95 миӊ 800 сомго айып салынды.

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш айланалары департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү кабарлагандай учурда жаратылышка зыян алып келгендердин орчундуу 9 иши сотто каралууда. Бирок, азырынча өндүрүлгөн каражат аз көлөмдө.

«Биз Ысык-Көл, Сарычат-Эрташ коругуна, Каракол, Хантеӊири жаратылыш паркынан, Кеӊ суу, Түп, Теплоключенко, Чоӊ Жаргылчак, Долон тоолоруна жалпы 500 миӊ гектар жерге көзөмөл жүргүзөбүз. Анын жыйынтыгы менен 79 браконьерлик иш катталды. Натыйжада 2 тоо теке, 1 элик, 1 алгыр куш, балык улоо фактлары аныкталды. Бүгүнкү күнгө карата келтирилген чыгымдындан 269 миӊ 28 сом өндүрүлүп, 41 400 сом айып төлөндү. Бирок, бул өтө аз көрсөткүч», деди департаменттин өкүлү Төлөгөн Үсөнбаев.

Эске сала кетсек, жаныбарлар менен өсүмдүктөргө келтирилген доо 3 миӊ сомдон 1,5 миллион сомго чейин баланат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.