2020 жылы транспорт жана жолдор министрлиги (ТЖМ) Ош-Баткен-Исфана унаа жолун реабилитациялоо иштерин баштайт. Азыркы тапта ТЖМ долбоорду ишке ашыруу үчүн эл аралык консультант менен келишим түздү. Бул тууралуу ТЖМнин басма-сөз кызматы билдирди.

Эл аралык консультант биргелешкен ишканадан туруп, курамына Япониянын бир канча компаниялары кирет.

Келишимдин алкагында эл аралык консультант долбоордун жол бөлүктөрүнүн так долбоорун, экологиялык жана социалдык коргоо чаралары боюнча документтерди, подрядчикти тандап алуу боюнча тендердик документтерди даярдайт, подрядчикти тандап алууда көмөктөшөт жана курулуш иштерин көзөмөлдөйт. Консультациялык кызмат 2018 жылдын 18 майынан 2023 жылдын ноябрына чейин уланат.

Долбоор Япон эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) тарабынан каржыланат. Долбоордун жалпы наркы 13,642 млрд япон йени (133,58 млн АКШ доллары). Насыя 40 жылдык мөөнөткө 0,1% үстөгү менен 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөттө берилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн долбоор алкагындагы кош каржылоосу 1, 727 млрд. япон йенин (16,88 млн АКШ долларын) түзөт.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги долбоордун алкагындагы курулуш иштерин 2020-жылы баштайт, ал эми долбоор 2023-жылы бүткөрүлөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.