Кыргызстан Казакстандын Алматы жана Түндүн-Казакстандык облустарынан тооктун этин киргизүүгө убактылык тыюу киргизди. Бул тууралуу токтомго КР башкы ветеринардык инспектору Калысбек Жумаканов кол койду.

«Казакстандын түштүгүндөгү тоок фабрикаларында канаттуулардын сасык тумоосу жайылып кетүүсү шектелгендиктен…Кыргызстанга сасык тумоонун вирусун киргизбөө үчүн тооктун этин алып келүү үчүн убактылуу тыюу киргизем…», – деп ведомствонун токтомунда бекитилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.