Ысык-Көл облусунун Тоң районунда күзгү талаачылык 70% бүткөрүлдү. Бул тууралуу район акими Таалайбек Ажиев билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта жалпы 10 миң гектардан ашык айдоо жер бар болсо, ага кылкандуу дан эгиндери, картошка, көп жылдык чөп жана жашылча жемиштер айдалган. Оруп жыйноо иштери 15 күнгө кеч башталып, 54 трактор, 31 чөп жыйнагыч (пресс бодборщик), 19 комбайн иштеп жатат.

“Бүгүнкү күндө түшүм жыйуу иштер Тоңдун ылдыйкы өрөөнүндө аяктап калды. Ал эми үстүнкү тоолу айылдарда күзгү жумуш 60-70% бүткөрүлдү. Негизи жылда бул мезгилде түшүм жыйноо аяктап калмак. Быйыл жаз мезгили кеч келгенине байланыштуу ушул убакка чейин созулду. Эми 15- октябрга чейин толук кандуу бүткөргөнгө аракет кылабыз”, – деди аким.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.