Ысык-Көл облусунда форель, сига-лудоганун эне балыктарынан урук алына баштады. Бул аракет Тоӊ жана Григорьевка балык зоводдорунда ишке ашып жаткандыгын Нарын, Ысык-Көл облустар аралык балык чарба бөлүм башчысы Бактыбек Асанов билдирди.

Анын берген маалыматында 2018-2019-жылдын планына көлгө форелден 500 миӊ даанасы, сига лудогунон 3 миллион даанасын кое берүү керектиги бекитилген. Учурда Ысык-Көлдүн 40ка жакын тилкесинен өрдөп чыккан эне балыктар кармалып, икра алынууда.

“Азыркы тапта Тоӊ районундагы балык чарба зоводунда пландык аткаруу иштери жүрүп жатат. Анын алкагында 150 миӊ урук аппаратка салынды. Ошондой эле ушул өӊдүү иштер 3-4 күндүн аралыгында Григорьевкадагы зоводдо башталат. Алынган уруктар келээрки жылдын апрель айына чейин өстүрүүп, 0,5 граммдык салмакта чоӊойгондо көлгө кое берилет”, – деди Асанов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.