Үстүбүздөгү жылдын 8 айында Ысык-Көл облусу боюнча 170 баш үй айбанаттарынан эхинококкоз илдети чыккандыгы аныкталды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ысык-Көл аймактык башкармалыгы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча быйылкы жылдын август айына чейин 86 уй баласы менен 84 ача туяктуу жандыктардын өпкө, боорунан эхинококкоз илдети чыккан. Бул боюнча Каракол шаарындагы атайын лабораториядан иликтөө жүрүп, учурда жугуштуу мите куртардын алдын алуу иштери жүрүп жатат.

«Эхинококкоз илдети көбүнчө иттерден жугат. Алардын ичегисинде мите курттар акырындык менен жайылып жыйынтыгында заӊ аркылуу, сыртка чыгып башка жандыктарга жугуп жаткандыгы белгилүү. Андыктан аймак боюнча паспорт алган 65 миӊден ашык күчүктргө карата бир жылда 4 мезгил бою дары менен камсыз кылып жатабыз. Азыркы тапта биздин эсеп боюнча жугуштуу мите курттарга каршы 300 миӊден ашык дары дармектер бар. Албетте бул бизге жетиштүү», – деди Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башчысы Бакыт Шарапов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.