Ысык-Кѳл облусунда алмуруттун 80 пайызы бактериялык күйүк илдетинен жабыркоодо. Учурда ооруну жоюга мүмкүнчүлүк жок. Убактылуу дары-дармектин күчү менен турат. Бул тууралуу улуттук илимдер академиясынын айыл чарба илимдеринин кандидаты Жалил Чакаев билдирди.

Анын айтымында облуста алмуруттан башка алмалардын айрым түрлөрү да жабыркоодо. Бүгүнкү күндө бактериялык күйүккө каршы стрептомицин дарысы колдонулууда. Бирок ага 100 пайыз кепилдик жок.

“Учурда көл кылаасында бактериялык күйүктөн жабыр тарткан мөмө жемиштерден кабар алып жатабыз. Анын алкагында бул илдет 80-90 пайызга жеткендиги байкалууда. Оору мындай темп менен тез жайылып отурса анда акыркы 5-10жылда алмурут жок болуп кетүү коркунучта турат. Ошондуктан азыр улуттук илимдер академиясында эмгектенген окумуштуулар менен ботаникалык бакчада иштеп жатабыз. Анда бактериялык күйүккө туруштук бере алган жемишиердин түрлөрү сыноодон өтүүдө. Эгер жакшы натыйжа берсе дыйкан, фермерлерге жайылтылат”, – деди Ж.Чакаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.