Ысык-Көлдүн алма, алмуруттары Казакстанга аз экспорттолуп баштады. Бирок, жылдагыга салыштырмалуу экспорттун көлөмү аз. Бул тууралуу Каракол шаарындагы сатуучу Мунсуз Абдыкеева билдирди.

Анын айтымында учурда алманын килограммы сортторуна жараша. Апорт 25, томсон 20 , рашида 20 сомдон алынууда. Ал эми алмуруттун баалары лесная красавица 35, талгарка 38 сомдон жогорку эмес.

«Быйылкы күзгү мезгил жакшы эле, бирок мөмө жемиштин түшүмдүүлүгү аз. Ошого карабай баалары арзан. Алматыга жыл сайын экспортточубуз. Быйыл Казакстанда түшүм көп болуп, биздин мөмө жемиштерге суроо талап аз. Мурда бир күндө 200-250 тонна жөнөтсөк, азыр 100-150 тонна экспорттоодобуз. Анан дагы эӊ жогорку сапат менен алып жатышат», – деди Абдыкеева.

Мындан улам багбанчылардын көпчүлүгү Балыкчы шаарындагы мөмө жемиш сактоочу жайга кайрылууда. Учурда 2400 тонналык орун бар.

«Дыйкандар 12-сентябрдан баштап күзгү алма, алмуруттарын сала баштады. 1 киллограммга 1 сом 65 тыйын кармалат. Азыр 10го жакын киши салып кетишти. Бизде жалпы 200 тоннадан 12 камера бар. Учурда 10го жакын адам кайрылышты. Узак убакытка сактоого 1 жылдан 9 айга чейин убакыт эсептелет. Ал эми кыска мөөнөткө 2-3 айга берип жатабыз», – деди Балыкчы шаарындагы логистика борборунан Мадина Кулманова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.