2018-жылы Кыргызстандагы жол инфраструктурасынын каржылоого 1,2 млрд сом каралган. Анын ичинде 700 млн сом “Балыкчы-Корумду” автожолун кайра курууга сарпталат. Азыркы күндө  долбоор 140 млн сомго каржыланды. Бул тууралуу транспорт жана жол министрлигинин жетекчиси Жамшитбек Калилов билдирди.

Жалпы Кыргызстан боюнча жолдордуу оңдоо жумуштарына 308 млн сом жумшалган. Министрдин айтымында, министрликтин балансындагы жолдордун 85% реабилитацияланып колдонулат.

Эскертсек, 2018-жылдан баштап оңдолгон жолдордун сапатын көзкарандыс консультанттар текшерет. Буга чейин жол министрлиги жолду өзү салып, кайра өзү кабыл алган.

“Консультанттар тендер аркылуу жалданып, жүрүп жаткан иштердин сапатын жана мөөнөтүн текшерет”, – деп Калилов жыйынтыктады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.