Балыкчы шаарындагы өнөр-жай аймагына эт комбинаты ишке берилет. Курулуш иштери толук канду аяктаса шаардагы 1 миӊге жакын адам жумуш оорду менен камсыздалмак. Бул боюнча өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев маалымдады.

Анын айтымынла бул ири долбоорго кытайлык инвесторлор жардам берет. Азыркы тапта 4 гектар жерге пайдубалы тургузулуп, курулу иштери жүргүзүлүүдө.

«Инвесторлордун жардамы менен 20 миллион доллардан ашык каражатка курулуп жаткан этти кайра иштетүүчү ири комбинант келээрки 2019-жылы ишке берилет деген ойдобуз. Эгер максатына жетсе, калктын социалдык экономикалык жашоо турмушу да жакшырмак. Биринчиден малдын баасы да жогору болсо, экинчиден миӊдеген адам жумуш оорду менен камсыздалмак», – деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.