Айыл чарба министрлигинде ветеринардык палатасы тарабынан уюштурулган тегерек стол өттү. Иш чарада Чүй жана Талас облустарынын жеке ветеринарларынын 12 райондук бирикмесинин жетекчилеринин ар бирине $3,5 миң доллары өлчөмүндө техникалык колдоо көрсөтүү боюнча сертификаттары тапшырылды.

Бул жардам жана техникалык колдоо министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жайыттарды жана малчарбачылыгын башкаруу” долбоорунун алкагында берилди.  Көрсөтүлгөн жардам айыл жергесинде иштеп жаткан жеке ветеринардык адистердин ишмердүүлүгүн уюштурууга жакшы өбөлгө түзүп, алар тарабынан көрсөтүлүп жаткан ветеринардык кызматтын коопсуздугун камсыздоого шарт түзөөрүнө ишене тургандыгын белгиледи.

Мындан сырткары аталган долбоордун алкагында, 280 жеке ветеринарга $1,5 миң, 48 жаш адиске $1 миң, алардын устаттарына $400 өлчөмүндө жардамдар бериле тургандыгына, ошондой эле жайыттардын жана ветеринардык инфраструктураларды жакшыртуу максатында Жайыт пайдалануучулар бирикмелерине ар бирине орточо $46 миң өлчөмдө каражаттар бөлүнөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.