«Айыл чарбасын каржылоо — 6» Мамлекеттик программанын алкагында 11 миң 246 айыл чарба өндүрүүчүлөргө 5,4 млрд сомго кредит берилген. Бул тууралуу президенттин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр  Иманалиев маалымдады.

Кредиттер жеңилдетилген пайыздык чендер менен: өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылык үчүн — 10%, кайра иштетүү үчүн — 6%, багбанчылык жана асыл тукум мал чарбачылыгына — жылына 8% менен берилет.

Ошондой эле, «Гарантиялык фонд» ААКы аймактардагы ишкерлерге колдоо көрсөтүү  максатында (63%) 389 млн сомго кепилдиктерди чыгарган. «Гарантиялык фонддун» иш-аракеттеринин жыйынтыгында ишкерлер күрөөсүз негизде кошумча насыя алышкан. Мында, «Гарантиялык фонддун» кепилдиги аркылуу коммерциялык банктар ушул убакытка чейин бардыгы болуп 2,1 млрд сом өлчөмүндө кредиттерди беришкен.

Каржылоодо приоритеттер Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл областтарындагы долбоорлорго берилет. Региондордо модернизацияланган жана заманбап ири, орто жана кичи айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү, текстилдик өнөр жайда, курулуш материалдары чыгаруучу ишканалар, цемент жана кыш чыгарган заводдор, соода-логистикалык борборлор, өсүмдүк сактоочу жайлар, күнөсканалар ачылып жатат. Бул ишканалардын көпчүлүгү экспортко багытталган.

Айыл жерлеринде ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча суу менен камсыз кылуу системаларын куруу иштерин 43 айылда  бүтүрүү пландаштырылууда. 4 ирригациялык каналдарды куруу иштери аяктады, ушуга байланыштуу сугат жерлеринин аянты 8 миң гектарга көбөйөт деп, айтты ал. Кийинки беш жыл ичинде Кыргызстандын ар бир айылын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылууда.

Бул жерде мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле бардыгы 700 млн АКШ долларды түзгөн эл аралык донорлордун каражаттары тартылат — Дүйнөлүк Банк, Азия Өнүктүрүү Банк, Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банк жана башка донорлор. 2023-жылга чейин жалпы суммасы 259,1 млн АКШ долларды түзгөн эки этап боюнча ишти аяктоо жана 31 сугат объектини ишке берүү сунушталууда.  Кошумча 27 миң гектар сугат жерди колдонууга берүү, 40 миң гектар жерди суу менен камсыздануусун жогорулатуу пландаштырылууда.

Мындан сырткары, болжол менен 133 км болгон жалпы республикалык маанидеги жаңы жолдор салынды, 182 жаңы трансформатордук подстанциялар орнотулду, 230 трансформатор которулду. 350 км электр өткөргүч чубалгылар реконструкциялоодон өткөрүлдү, жыйынтыгында авариялык өчүрүүлөрдүн көлөмү 11%га кыскарды. Мамлекеттин бюджеттин жана эл аралык донорлор — КЭР Эксимбанк, АӨБ, ЕАБР эсебинен 2019-жылы региондордо жалпы узундугу 690 км түзгөн эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду куруу жана реабилитациялоону улантуу пландаштырылууда. Токтогул ГЭСин, Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо, Баткен облусунда электр линияларын куруу боюнча иштер улантылат.

Ошондой эле социалдык объектилерди куруу боюнча иш жүрүүдө. Алардын ишке ашырылышына бюджетте 2,9 млрд сом каралган жана бекитилген. Бүгүнкү күнү 66 мектеп, 6 бала бакча куруу аяктады, 6 саламаттыкты сактоо объектилери колдонууга берилди (оорукана жана фельдшердик-акушердик пункттар), 5 спорттук комплекс.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.