Кыргызстандагы айымдар арасында жеке ишкердикти көбөйтүп, өлкөнүн экономикасын өстүрүү керек. Бул тууралу Ысык-Көлгө иш сапары менен келген ЖК депутаты Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтмында биринчи кезекте бюджеттик, жеке менчик мекемелерде, соода сатык тармагында эмгектенген аялдардын финансылык сабатсыздыгын жоюу керек. Эгер бул маселе колго алынса Кыргызстанда өнүгүү болмок.

«Биз облустардагы айымдар менен көп жолу жолугушуу өткөрүп келебиз. Байкашыбызча аялдарга каржылык жактан сабаттуулук керек экен. Себеби буга чейин насыя алып, сызга отуруп калгандар боюнча көп кайрылуулар келип түшкөн. Аны менен катар депозитке да акча салып алданып калгандар да бар. Ал эми мындай материалдык чыгымдарды эске албаганда аялдар өз ден соолуганан акча аяп, тойго көбүрөөк акча сарпташат. Ошол себептен биз кыз келиндердин финансылык билимине көӊүл буруп, айымдар арасында жеке ишкердикти көбөйтүүбүз зарыл. Ошондо гана Кыргызстан бутуна туруп өнүгүү болот», деди А.Касымалиева.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.