Кыргызстандын Жалал-Абад менен Кара-Балта шаарларында “Жергиликтүү  башкаруунун деңгээлиндеги программалык жана жарандык бюджетин түзүү” тренингтери өттү. Катышуучулары мэриянын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү болду. Тренингтер «Сорос-Кыргызстан» фондунун жардамы менен «Борбордук Азиянын Евразия фонду” ишке ашырган “Жарандарды жергиликтүү деңгээлдеги программдык бюджетти түзүу практикасына катыштыруу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

2017-жылдын 1-январында Кыргызстанда Бюджеттик кодекси күчүнө кирди. Мыйзамда жергиликтүу бийлик программалык бюджетти иштеп чыгуу боюнча беренелер бар. Бирок, бюджетти программалык форматта түзүү боюнча жергиликтүү бийликте толук маалымат жок. Ошондуктан мыйзам жергиликтүү органдардын тарабынан аткарылбайт.

“Биз жергиликтүү органдар үчүн окутуучу тренингтерди өткөрдүк. Семинарда жергиликтүү органдардын тарабынан мыйзамдагы програмалык форматта бюджетти даярдоо боюнча маалыматтарды жеткирдик. Бирок, бүгүнку күнгө чейин бир да орган мыйзам жөнүдө билген эмес. Жалал-Абад менен Кара-Балта шаарларында да бул мыйзам жөнүндө билген эмес. Семинарларда мэриялардын кызматкерлери жана жарандык сектордун өкүлдөрү менен шаарлардын келечектеги бюджеттеринин түзулүшү талкууланганын белигелеп кетсек болот”, – долбоордун эксперти Чынгыз Бексултанов айтып берди.

Промграммалык бюджет салтту бюджеттен мамлекеттин саясаты менен бирге болуп чыгашалардын стратегиялык багыты менен айырмаланат. Бул формат мэрия менен муниципалдык органдардын эффективдүү ишин жарандардын тарабынан көзөмөлгө алганга мүмкүнчүлүгү бар.

Программалык бюджет шаар өнүгүшүнүн приоритеттерин аныктоого мүмкүндүк берет. Бюджет жергиликтүү эли жана кеңештердин тыгыз кызматташы менен жергиликтүү бюджеттин коомдук мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөп туруунун натыйжалуу куралы болуп саналат. Жарандык бюджет жөнөкөй бюджеттин жөнөкөйлөштүлгөн чыгаруу, ал эми ар бир жаранга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болуп саналат.

“Программалык бюджетке баяндоо кирет – шаардын коомдук-экономикалык көрсөткүчтөрү. Бул аныкталган милдеттери жана программаларынын негизинде, шаардын өнүгүү стратегиялык максаты аныкталат. Программалар функционалдык классификация менен байланыштуу. Мисалы, билим берүү сектору үчүн экономикалык өнүгүү, колдоо катары аныкталган программалар, калктын, турак жай-коммуналдык коомдук колдоосу. Мындайча айтканда, ал стандарттык программа болуп саналат, анткени, өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери сыяктуу эле”, – деп Чынгыз Бексултанов билдирди. Программалар аныкталгандан кийин бюджеттик иш-чаралар түзүлөт. Ошондо ар бир бюджет чараларды жана программасы боюнча натыйжалуулук индикаторлору аныкталат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.