2018-жылдын 9 айында социалдык тармакка 50 млрд 510 млн сом каралган. Өткөн жыл менен салыштырганда, чыгашалар 856 млн сомго жогорулаган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Каражаттын сарпталган тизмеси төмөнкүдөй:

  • социалдык коргоого – 21,5% (21 млрд 831,6 млн сом, өткөн жылга караганда, бул сумма 1 млрд 516,8 млн сомго жогорулаган),
  • билим берүү тармагы – 16,7% (16 млрд 934,9 млн сом),
  • саламаттык сактоо – 9,3 % (9 млрд 418 млн сом),
  • маданият жана дин– 2,3% (2 млрд 326 млн сом),
  • мамлекеттик кызматтар – 27,2 % (27 млрд 684,4 млн),
  • экономикалык маселелер – 8,9 % (9 млрд 39,2 млн сомов),
  • айлана-чөйрөөнү коргоо – 0,5 % (538 млн сом),
  • туракжай-коммуналдык чарба – 1,5 % (1 млрд 480 млн).

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.