Кыргыз өкмөтү Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров логистикалык борборду куруу үчүн 200 га жер аянтын бөлүү тууралуу өкмөттүн токтому бар экендигин белгиледи.

«Жаңы логистикалык борбор кичи жана орто бизнес ишканаларын түзүүгө өбөлгө түзүп, 3000 жаңы жумушчу орун түзүүгө багытталат. Борборду куруу үчүн инвесторлорду тартуубуз зарыл. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тийиштүү жумушчу топ түзүлөт», – деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигине инвесторлорду тартуу жана долбоорго техника-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды. Ошондой эле министрлик жана ведомстволорго аталган маселе боюнча ишти активдештирүү тапшырылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.