КР президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыктын толук тексти:

«Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетке ага жүктөлгөн функцияларды аткарууда ар тараптан көмөк көрсөтсүн, анын ичинде мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырларды камтыган документтерди кошпогондо, документтерди жана материалдарды берсин.

Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо КР президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.»

Комитеттин төрагасы Сооронбай Жээнбеков, төраганын орун басары болуп биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дайындалды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.