2018-жылдын 31-октябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик  карызынын өлчөмү 4 млрд 427,11 млн АКШ долларын (308 млрд 497,99 млн сомду) түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жалпы карзыдын ичинен тышкы карыз – 3 млрд 806,90 млн АКШ доллары (265 млрд 279,50 млн сом), мамлекеттик ички карыз – 620,21 млн АКШ долларды (43 млрд 218,49 млн сом) түзөт.

Тышкы карыздын 44% Кытайлык Эксимбанктын насыялары – 1 миллиард 681 миллион долларды түзөт. Дүйнөлүк банкка Кыргызстан 642 миллион доллар карыз (16,9%).

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.