КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 9-июлда, тоо-кен тармагынын учурдагы абалы жана өнүктүрүү келечеги боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

«Бүгүн кен иштетүү тармагында кыйла татаал жагдай түзүлдү, ал кызыкдар органдардын аракетсиздиги жана жөнгө салынбаган иши менен бир кыйла деңгээлде шартталган. Учурда орун алган маселелер инвесторлордун ишин кыйындатып, экономиканын өнүгүүсүнө, ИДПнын көбөйүүсүнө, өлкөнүн имиджине жана анын инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизет. Белгилүү болгондой, 2017-жылы ИДП түзүмүндөгү өнөр жайдын үлүшү 445 млрд сомду түзүп, 2016-жылга карата 4,5%га көбөйгөн. Бирок бул көрсөткүчтөр биз жетишүүнү камсыздай турган өсүү тенденциясына ээ. Биз көрүп тургандай, ири салык төлөөчү болуп саналган дээрлик бардык кендерде көйгөйлүү маселелер бар. Мындай жагдайга жол бербөө зарыл. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн ыкчам чараларды көрүү керек», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, калктын каршылык аракеттери негизинен кен иштетүүчүлөрдүн ишмердиги тууралуу ишенимдүү маалыматтын жоктугу, мүмкүн болгон экологиялык тобокелдиктердин жаралышына кооптонуу менен шартталган. Буга мисалдар Тогуз-Торо районундагы Макмал кенинде, Жалал-Абад облусунун Бозумчак, Иштамберди жана башка кендерде болуп өткөн окуялар болду.

Иштамберди

Андан сырткары тендердик процедуралардын  жетик эместиги бул тармакка инвестиция салууга даяр көптөгөн инвесторлорду артка түртүп жатат. Өкмөт башчы кеңешменин жүрүшүндө берилген тапшырмаларды аткаруунун жүрүшү жеке көзөмөлүндө болорун эскертти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.