КР Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 9 айында салык отчетторун бербеген 36 миң 841 салык төлөөчүнү издеп тапты. Алардын ичинен 8 миң 496 юридикалык жак, 10 миң 330 жеке ишкер, 2 миң 718 дыйкан (фермердик) чарба жана 15 миң 297 жеке жак. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Бул мезгилде салык органдарынан каттоодон өтпөгөн 18 миң 465 ишкердик субъект да изделип табылган. Алардын ичинен 2 миң 324 юридикалык жак, 7 миң 712 жеке ишкер, 3 миң 339 дыйкан (фермердик) чарба жана 5 миң 90 жеке жак.

Мындан тышкары, 7 миң 332 ишкер, анын ичинен соттун чечими боюнча 2 миң 118 субъект жоюлду.

Бул иш-чаралар экономиканын көмүскө секторунда иш жүргүзгөн чарба субъекттердин салык төлөөдөн качуу фактыларын табуунун, ошондой эле жалган ишкердикке каршы күрөшүүнү күчөтүүнүн алкагында жүргүзүлдү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.