КР Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттө өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тууралуу алдан ала маалыматты өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата 1 миң 754 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында беришкен эмес. Тизменин ичинде президенттик аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязов, Башкы шайлоо комитетинин төрайымы Нуржан Шаилдабекова жана Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева бар.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын жалпы санынын көбү жергиликтүү органдардын кызматчылары жана адистери (айыл өкмөтү, мэрия), жергиликтүү кеңештин депутаттары, бардыгы – 537 декларант болду. Андан соң ички иштер министрлиги – 470 кызматкер, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет – 86, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы – 63, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы – 38, Улуттук гвардия – 33, Жогорку сот – 32, МСК – 32, Мамлекеттик чек ара кызматы – 29, Мамлекеттик каттоо кызматы – 25, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги – 25, Тышкы иштер министрлиги – 24, Башкы прокуратура – 21, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги – 19, Жогорку Кеңеш – 18, Билим берүү жана илим министрлиги – 16.

БСДны убагында бербеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.