КР Улуттук банкы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына арнап «Чыңгыз Айтматов – 90 жыл» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирет.

“Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз элинин баа жеткис рухий мурасынын көрөңгөсүн түзөт. Жазуучунун чыгармалары коом ичинде, билим берүүдө жана жаш муундарды тарбиялоо процессинде терең орун алып, маданияттын ажырагыс бир бөлүгүн түзүү менен көптөгөн өлкөлөрдүн билим берүү программаларында камтылган. Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин бай тарыхын, көөнөрбөс маданиятын дүйнө жүзүнө тааныткан улуу жазуучу катары элибиздин аң-сезиминде, ар бир инсандын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат”, – деп билдирүүдө белгиленген. 

Монетанын алдыңкы бетине Чыңгыз Айтматовдун портрети жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Монетанын четин тегерете «Чыңгыз Айтматов  90 жыл»/«Chingiz Aitmatov  90 years» жазуусу орун алган. Ал эми оң тарабында монетанын номиналы көрсөтүлгөн. 

Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө мамлекеттик герби түшүрүлүп, Ч. Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугу эненин элеси тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтүнүн алкагында чагылдырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы көрсөтүлгөн (2018). 

Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сертификаты менен өзүнчө кутучага таңгакталган.  Коллекциялык монета Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.