Кумтөр Голд Компаниясы жыл сайын Ысык-Көл облусуна алтын өндүргөнгө жараша 1% акча которуп келет. Келээрки 2019- жылдан тарта анын 8%зын бизнестик долбоорлорго жумшоо боюнча өкмөткө сунушталууда. Бул тууралуу облус жетекчиси жыл жыйынтыгындагы маалымат жыйынында билдирди.

Маалым болгондой Кумтөрдөн 1997-жылдан бери бөлүнүп келген акча каражаттарынын көбү социалдык мекемелердин курулуш иштерине жумшалып келген. Эми мындан ары кирише алып келүүчү бизнес идеяларга бөлүштүрүү планы турат.

«Ар жылы «Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна» 400 миллион сомго чамалаган акча каражаты келип түшөт. Келишим боюнча 2026-жылы Кумтөр кени өз ишин токтотот. Андан кийин облуска кошумча каржы булактары камсыздалбай калат. Ошондуктан келээрки жылдан баштап, түшкөн акчанын 8%зын киреше алып келүүчү булактарга жумшоо зарыл. Андан сырткары 15-20% банктарга депозитке салып, кайтарым аркылуу киреше топтосо болот. Учурда бул боюнча өкмөткө жана бир нече министрликке сунуштап жатабыз»,-деди А.Осмоналиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.