Ысык-Көл облусунда картошканын наркы 2 сомго арзандады. Азыркы күндө 1 килосу 5 сомдон сатып жаткандарын жергилик түү дыйкан Алтынбек Досумбетов билдирди.

Анын айтымында быйыл айыл чарба продукциясынын баасы чыкпай эмгек акталбай калды.

“Мен Ак-Суу районунун Теплоключенко айылына 2 гектар жерди ижарага алып картошка айдагам. Тилекке каршы кеткен чыгымды да актабай калды. Азыркы тапта той, аш болуп акча керектигинен айла жок 5 сомдон сатып жатабыз. Баажы биримдиги ачылды дегени менен бир да продукция өтпөй жатат”, деди А.Досумбетов.

Мындан улам облустагы айыл чарба адистери убактылуу сактоочу жайлар менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.

«Ысык-Көл облусунда союз учурунда жана андан кийинки мезгилде курулган 20га жакын айыл чарба кооперативи иштеп жатат. Бүгүнкү күндө жергиликтүү дыйкандар менен сүйлөшүү жүргүзүп, алар картошкаларын убактылуу сактоочу жайларга киргизип жатышат. Себеби, жакынкы ноябрь, декабрь айынан баштап Ѳзбекстанга экспорттолору күтүлүүдө. Эл аралык соода сатык ишке ашса, айыл чарба продукциясы өзүн актайт», деди Ысык-Көл облустук айыл чарба бөлүм башчысы Эркинбек Сагынбеков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.