Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы жашоочулар күнөскана иштете баштады. Бул жолу Кумтөр кен ишканасынын колдоосу менен Төрт-Күл айыл аймагынын Туура суу кыштагына 700 миң сомго күнөскана курулуп, ишке берилди.

Айыл аймак башчысы Урмат Байсеркеевдин берген маалыматына ылайык, Кумтөр 650 миң сом бөлүп берсе, жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом каралган. Эми жумушчу орун түзүлүп калкка экологиялык таза жашылча жемиштер берилет.

“Биринчиден мындай күнөскана курууга жергиликтүү бюджеттен акча жетмек эмес. Каражаттын 90 пайызын бөлүп берген Кумтөр кендин жетекчилерине ыразычылык билдирем. Эми айыл кыштактан 5 адам жумуш менен камсыздалып, бир сезондо 1,6 миң тонна өсүмдүк алууга мүмкүнчүлүк бар”, – деди Байсеркеев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.