Көл кылаасында табыйгый чийки продукция кайра иштетилип, келет. Бүгүнкү күндө экспортко чыгуу үчүн «Ысык-Көл бренди» деген марка бериле баштады. Бул боюнча облустук керектөөчүлөр коомунун төрагасы Сулайман Усенов билдирди.

Анын айтымында аймакта акыркы 7 жылдан бери жамаат болуп иштеген кыз -келиндер 130га чукул продукцияны кайра иштетүүдө. Алар соода сатык иштерин чектебей чет өлкөгө чыгаруу үчүн «Ысык-Көл бренди» маркасын ала баштады. Ал үчүн түзүлгөн комиссия атайын талап коюшкан.

«Ар бир өндүрүлгөн товарга облустун брендин жөн эле бере койбойбуз. Анткени чет өлкөгө чыгаруу үчүн ЕАЭБдик нормаларга туура келиш керек. Мисалы табыйгый өсүмдүк, мөмө-жемиштерден алынган шире, бал, кыямдар бар. Алардын идишинен баштап, курамына чейин карап чыгабыз. Талапка дал келсе, сертификат беребиз. Товардын маркасына Ысык-Көлдүн бренди камтылса, албетте келечекте өндүрүштүн көлөмү да жакшы болот. Азыр 130 га жакын табийгый жаратылыштын продукциясы иштелип чыгууда», – деди Усенов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.