Ысык-Көлдө «Кумтөр Голд Компани» ЖАКу менен «Борбордук Азиядагы Евразия фондусу» жаштар арасында өткөргөн долборун экинчи фазасын соӊуна чыгарды. Тактап айтканда «Жаштар ишмердүүлүктү жогорулатат» долбору ушул жылдын октябрь айында финалга өткөн 30 идеянын ичинен 9 мыкты деп аныктай алышты.

Тандалган идеяларга “Кумтөр Голд Компани” ЖАКу тарабынан 170 миӊ сомдон 5 миӊ долларга чейин акча бөлүнүп, керектүү жабдуулар алынып берилүүдө. Гранддык колдоо тапкандар булар: Каракол, Балыкчы шаарынан, Бөкөнбай, Саруу, Сары- Булак айылынын жашоочулары.

Долбоор 2015-жылдан баштап эки фазага бөлүнүп ишке ашырылып келди. Биринчи фазасында (2015-2016-ж.ж.) 350 заявка түшкөн. Конкурстан 60 адам тандалып, алардын долбоорлорун толук иштеп чыгууга жардам берилген. Комиссия 10 ишкерлерден түзулгөн.

Үч айдын ичинде жеңүүчүлөрдүн долбоорлору ишке кирип, 70 адамга жумушка алынган. Гранттар ар кандай тармактагы долбоорлорго берилди. Гранттык программага туристтерди тоонун тигине жеткирүү боюнча квадроциклдерди алуу боюнча да долбоор каралган.

Ученье – свет

2018-жылдын апрелинде 2 фаза башталды. Эгеде бирнчи фазасында катышуучуларды бухгалтердик учет менен маркетинг боюнча тренингдер гана өткөрүлсө, эми Каракол, Балыкчы шаарларында жана Дархан айылында бизнеске үйрөтүү боюнча атайын борборлор ачылды.

Азырынча 60 адам тренингдерден өтүп, грант алуу конкурсуна катышты. Сынактын финалына 30 долбоор тандап алынган. Аларды тандаганда, комиссиянын мүчөлөрү инновация жана бизнестин туруктуулугун караган.

Демилгечинин бири 33 жаштагы Назгүл Байтикова 5 миӊ долларык гранд утуп алды. Анын идеясы экологиялык жактан таза, ден соолукка пайдалуу «тез татым» ашканасын ачуу болчу. Бүгүнкү күндө жаӊы баштап жаткан бизнес идеясы Балыкчы шаарынын тургундарына чоӊ пайда алып келет деп ишенет. Анткени адам-баласынын организмин сапаттуу продукцияга байыткан бир дагы ашка жок эле. Керектүү жабдуулар орнотулуп бүтсө, күнүнө 300дөй адамга тамак-аш менен тейлей алмакпыз деди, Назгүл айым.

«Мен ойдо жок жерден жаштар арасында өтүп жаткан долбоорго катышып, бизнести кантип баштоо керек, долбоорду кандай жазса туура болот деген сыяктуу жакшы билим топтой алдым. Ошолордун арасынан менин долбоорум тандалып алынганына абдан кубандым.. Себеби, Балыкчыда тез татымдар жок болчу. Эми калк көп жайгашкан жактан ижарага жер алып, мектеп окуучуларынан баштап, мамлекеттик кызматкерлерге чейин сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кыла аламын. Эӊ негизгиси бизге 1 павильон, 1 витринналык муздаткыч, 1кадимки муздаткыч, 1 газплита, 1 кондиционер жана 4 даана отургучтары менен стол керектелет. Азыр жабдууларды алуу үчүн тендер ойнотулуп жатат. Жакын арада орното баштайбыз. Жыл жаӊырса соода сатыкты баштап, калкка сапаттуу кызмат көрсөтөбүз деп ишендирем»,-деди ал.

Ошондой эле дагы бир бизнес идеянын ээси бул 26 жаштагы Айбек Жолдошбеков. Ал акыркы 4 жылдан бери Тоӊ районунда ветеринардык кызматты аркалап келген. Эми ишинин сапатын мындан ары да жакшыртып, малдын асыл тукумун көбөйтүүнү көздөйт. Себеби, фермерлер сандан сапатка өтүүсү азыркы суроо талап. Андыктан сүт, эт багытындагы уйларды көбөйтүүгө Кумтөрдөн 170 миӊ сом сураган. Учурда бул каражатка Германиядан атайын УЗИ аппараты алынып келинери күтүлүүдө.

«Менин оюмча азыр малдын санына караганда сапатын тандоо жакшыраак. Анткени жем, чөптүн баасы жыл сайын кымбаттап, малдын туягы жакшы киршелүү эмес көрүнөт. Ошондуктан акыркы жылдардан бери асылт тукум малдарды жасалма уруктандыруу аркылуу көбөйтүүгө аракетимди жумшап келем. Тилекке каршы, айрым учурда аргындаштыруу ийгиликсиз өткөндүгү өкүндүрөт. Албетте ага ири мүйүздүү малдан да саламаттыгы маанилүү. Ошондуктан көйгөйдү жеринен чечүүгө УЗИ аппараты алынып келинсе, малга диагноз койюга оӊой болот. Мунун натыйжасы кирешеге жол ачат», -деди Жолдошбеков.

Ал кошумчалагандай, асыл тукум мал өстүрүлсө элдин экономикалык абалын жакшыртмак. Мисалы 1 адам 3 баш уй багып, 1 күндө 10 литр сүт алса, асыл тукум малдан кеминде 20-25 литр сүт алып кайра иштетмек. Ал эми жем, тоют чөптөр кадимки нормада эсептелет.

Оперативно, качественно, недорого

Мындан сырткары Жети-Ѳгүз районуна караштуу Саруу айылынын 31 тургуну Канат Иманалиев да ишин илгерилетет. Жаш ишкер буга чейин 2 штаттык бирдикте өзүнүн унаа оӊдоочу жайын иштетип келсе, эми 6 жумушчу орун түзүлүп, иши дагы илгерилей. Ага жараша 5 миӊ долларга жабдуулар толукталат.

«Биз буга чейин айыл элин жана коӊшу кыштактагы айдуучуладын көйгөйүн үстүртөн чечип келчүбүз. Анткени май алмаштыруу, унааны көтөрө турган чоӊ тетиктер жок эле. Эми долбоорубуз ишке ашып, кезек күткөндөрдүн да саны азаят. Андан сырктары түзүлгөн жаӊы жумушчулар да сапаттуу кызмат көрсөтүп, үй бүлөсүнө киреше табышат. Баалары шаардыкындай кымбат эмес. Ар бир карар чөнтөгүндөгү акчасы менен убактты да үнөмдөй алышат. Ошондуктан биздин идеябызды колдоп берген уюштуруучуларга, демөөрчүлөргө чоӊ ыразычылык билдиремин», -деди Иманалиев.

Маалымдай кетсек, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКу менен «Борбордук Азиядагы Евразия фондусунун» кызматташтыгы аркылуу азык-түлүк даярдоочу, авто унааларды оӊдоочу, кичи цехтерди кеӊейткен жана айыл чарбачылыгын жакшыртууга салым кошо турган ушул сыяктуу дагы 6 бизнес идея ишке ашууда.

“Биз 2018-жылга карата жаштардын 30 бизнес идеясынан 9 долбоорду жактырып, колдоо көрсөткөнү турабыз. Ушул тапта тандалып алынган ишкерлер тиешелүү каттоодон өтүп жатат. Алардын ичинен Караколдон 4, Балыкчы шаарынан 1, Бөкөнбай айылынан 2, Саруудан 1, Сары Булак айылынан 1 ишкер тандалды. Келээрки жумада аларга 170 миӊ сомдон 5 миӊ долларга чейинки керектүү жабдууларын алып беребиз. Ишке ашып кетсе 20га жакын адам жумуш орундар менен камсыздалат. Азырынча Кумтөр бөлүп берген каражаттар колго берилбейт, керектүү жабдууларга тендерлер ойнотулуп жатат”, – Евразия фондунун долборлор аралык меденеджери Таалай Талантбек уулу маалымдады..

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.