Ысык-Көл облусунун социалдык, экономикалык турмушун жакшыртуу максатында сүт өндүрүү ишке кирүүдө. Чет элдик долбоорго 5 миллион АКШ доллары камтылып, 2019-2020-жылдарга чейин уланат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында аталган долбоор сүт өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында уюшулууда. Үч жыл аралыгында сүт, эт багытындагы уй сатып алууну каалагандарга 70 миӊ сомдон өйдө үстөк пайызсыз насыя бериле баштайт.

“Биздин фермерлерибиздин 4-5тен уйлары болобу аларга 1 миӊ долларга чейин кредит берели деп турабыз. Андан сырткары швед багытындагы букаладан 20 миӊ урук алып келип, абориген уйларыбыз менен аргындаштырсак болот. Жыйынтыгында 2 жылдын ичинде 10 миӊ асыл тукум музоо көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө”, – деди Осмоналиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.