Ысык-Көл облусундагы Тоӊ районунун Көк-Мойнок айыл аймагында урандын 100 жылдык запасы бар экени геологдор аныктады. Бүгүнкү күндө кыргыз-канадалык компаниясы сырьену 70-80 жылдык мөөнөттө чыгарууга кызыктар. Бул тууралуу аталган компаниянын өкүлү Светлана Менг билдирди.

Анын айтмында уран чыгаруу иши жалпы 4 миӊ гектар жер кыртышынан ачык түрдө алынат. Азыркы тапта жаратылышка жана адам баласына зыян келтирбөө үчүн атайын пландар иштелип чыкты. Эгер мамлекет уруксаат кагаздарды берсе, анда жаз алды менен жумуш башталат.

«Биздин компания уранды топурактан химиясыз эле бөлүп алып, ошол бойдон Кара-Балтадагы заводко жөнөтөбүз. Бул жакта экологияга да жашоочуларга да эч кандай зыян алып келбейт. Алгач иш жүзүн 2 сменде башталат. Жумушчулардын 90%ы жергиликтүү калктан алабыз. Орто эсеп менен 500гө чукул адам жумуш орун менен камсыздалат. Азыркы күндө жерди трансформациялоону жана мамлекеттен лицензия алууну күтүп жатабыз. Кийин уранандын калдыгы толук кандуу алынып бүтсө. Рекультивациялык иш жүргүзүлүп, мөмө жемиш өстүрүүгө ылайык келет», деди С.Менг.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.