2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, айылдык ишкерлерди колдоо максатында жаңы ишканалар  көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнөн 3 жылдык мөөнөткө бошотулду, бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди, продукцияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялар курулду, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканаларга салык жактан кыйла жеңилдиктер берилди,  айыл чарба тармагын каржылоо иштери жакшырды.

Бул жана башка чаралар 2018-жылы 2,5 миңден ашуун адамды жаңы жумуш орундары менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берди, бардыгы болуп 200дөн ашуун айыл-чарба продукциясын сактоо, таңгактоо жана кайра иштетүү, текстиль-тигүү тармагында, курулуш материалдарын чыгаруучу жаӊы ишканалар иштей баштады.

«Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат», — деп белгиледи президент.

Санарип технологиялар жашоонун бардык тармактарына кирет — билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишине санариптик инфраструктура артыкчылыктуу тартипте киргизилет. «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлору сөзсүз ишке ашырылат.

Мамлекет башчысы «Түндүк» электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөрүн эске салды. Ар кандай мамлекеттик органдын эшигин каккылап, справка, же башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы токтойт. Керектүү маалыматты чиновник өзү таба турган болот. Бул жашоонун бардык тармактарына тиешелүү, анын ичинде адамдын соттолбогондугу тууралуу справка алуу, пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу, паспорт, айдоочулук күбөлүк, жарандык актыларды алуу, транспорт каражаттарын каттоо да электрондук форматка которулат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.