Ак-Талаа районундагы Актал-Жогорку-Май автожолунун 2 чакырымындагы көпүрө жаратылыштын таасири менен 2017 жылы авариялык абалга келген. Көпүрөнү калыбына келтирүү үчун башында 44,4 млн сом каралган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди. Эскертсек, көпүрө 1967-жылы курулган.

2017 жылы көпүрөнү курууга жалдануучу “Кербенжолкурулуш” көпүрөнүн ортосунан Нарын дарыясынын нугун бурууга дамбалоо иштери жүргүзүп, жалпы 4 млн сомдук жумуштар аткарылган. Бирок жалдануучу ачык акционердик коому келишимдеги тийиштүү милдеттерин аткарбагандыктан келишим бир тараптуу бузулду. Ошону менен бирге, кайрадан проекттик-сметалык документ иштелип чыгып жалпы жумуштун баасы 10 млн сомго жогорулады (жалпысы 54 млн сом түздү).

Бүгүнкү күндө Нарын дарыясынын нугун бурууга 250 даана бетон блоктору ташылып келип орнотулган. Учурда көпүрөөнүн 2 тирөөчү, коюлуп бүтүп, 12 даана балканын 8 даанасы монтаждалып бүттү. Калган 4 даана балкасын монтаждоо иштери жүрүп жатат.

Көпүрөнү куруп түткөрүү иштерин мөөнөтү 2018 жылдын 25 июнуна бекитилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.