2018 жылдын 24-сентябрында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында Ала-Бука чек ара отрядынын аскер кызматкерлерине жаңы салынган батирлердин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

2030 аскер бөлүгүнүн аймагына 24 батирлүү 3 кабаттуу үй салынып бүттү. Курулушка кеткен жалпы каражат 53 млн. 652 миң сом болду. Ал эми имараттын курулуш иштери 2017 жылдын апрель айында башталган.

Бул турак-жай үчүн өзүнчө көмүр менен жылытуучу жай курулган. Батирлердин ичинде бардык шарттар каралып, сууну ысытуучу апараттар дагы киргизилген. Ошондой эле үйдүн алдында жаш балдардын аянты дагы курулган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.