Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Дыйкан айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун  басма-сөз кызматы билдирди.

Дыйкан айылындагы мектептин имараты  эскирип жараксыз абалга жеткенине байланыштуу Ассанабил ККФнун колдоосу менен 200 орундук жаңы мектеп курулган.

Мектеп 10 каанадан турат: 6 окуу классы, 1 мугалимдер үчүн каана, 1 директордун каанасы жана ашкана тамактануучу бөлмөлөрү менен бүткөрүлдү. Ар бир кабинетке тиешелүү эмеректери, видео байкоо, жылытуу системасы орнотулуп сырткы жана ички жасалагалары менен толук камсыздандырылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.