Ысык-Көл облусунун босогосу, Балыкчы коопсуз шаар болот. Бул боюнча жарыктандыруу, жашылдандыруу жана коопсуздукту алдын алуу боюнча программа иштелип чыккан.

Калаа башчы Алмазбек Мамбетовдун маалыматында, үстүбүздөгү жылдан бери шаардын көчөлөрүнө бир миң ЛЭП чырактар коюлуп, жарыктандыруунун 50 пайызы камсыздалды. Жашылдандыруу боюнча 11 миң квадрат метр аянтка газон өстүрүлдү. Ал эми коопсуздук боюнча 84 камера коюлуп, 24 саат бою ШИИБде онлайн түрүндө көзөмөлгө алышат.

Мындан сырткары Балыкчынын дарбазасына стационардык жана көчмө камера орнотулуп, учурда сыноодон өтүп жатат.

“Биз бул сыяктуу иш аракетти Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 9 млн сомго аткарып жатабыз. Жашылдандыруу боюнча келээрки жылга дагы 11 миң квадрат метр аянтка газон өстүрүү планыбыз бар. Эң негизинен жалпы коомчулук жакшы кабыл алууда”, – деди А.Мамбетов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.