Балыкчы шаарынын Ж.Абдрахманов көчөсүнө кыргыздын улуттук аспабы- комуздун композициясы коюлду. Бул тууралуу шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү” чарбасынын жетекчиси Марат Таржиевдин айтымында, композиция “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата максаты менен орнотулду.

“Бүгүн биринчи кыргыз элинин улуттук аспабын комузду койдук. Бул комузду жасоого жыйырма күндөй кетти, эч бир каражат сарпталган жок. Жалаң колдон жасалды. Келечекте боз үй, ак калпак, чүкөлөрдү жасасак деген оюбуз бар”,- деди чарбанын жетекчиси.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.