Жети-Өгүз районунун Барскоон айылына “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” колдоосу менен “Акыл Ордо” борбору ачылган. Бүгүнкү күндө бул борбордон 5-80 жашка чейинки адамдар шахмат менен машыгып, мектеп окуучулары менталдык арифметикадан билим алууда.

Айыл аймактын башчысы Руслан Эшмамбетовдун айтымында бул мекемени ачууга жалпы жарым миллион сомдон ашык каражат сарпталган.

“Үстүбүздөгү жылдын июнь, июль айларында айылыбызга “Акыл Ордо” борборун ачып алдык. Башкы өнөктөш Кумтөр алтынкен ишканасы бизге 180 миң сомго бааланган 1 контейнер орнотуп беришти. Ошондой эле билим, интеллектуалдык деңгээлди өнүктүрүүгө карата 136 миң сомго керектүү жабдуулар, эмеректер менен камсыз болдук. Ал эми имараттын капиталдык оңдоп түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом карап, учурда ийгиликтүү иштеп жатат. Азыр менталдык арифметика сабактары, шахматтык машыгуулар өтүп баштады. Келечекте мектеп окуучуларын ЖРТга даярдоочу курстарды ачуу планы бар”, – деди Эшмамбетов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.