Ысык-Көл облусунда «Кумтөр» алтынкен ишканасында иштеген кызматкерлер биринчи жардам көрсөтүү, иш үстүндөгү коопсуздук боюнча окуудан өтүп жатышат. Бул тууралуу «Кызыл Ай» коомунун облустагы өкүлчулүгүнөн Таалай Байзаков кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоонун стандарттары боюнча мындай окутуулар катардагы кызматкерлер үчүн эки жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Бул жолу 15ке жакын адам 8 сааттык теориялык жана практика жүзүндө билимин толуктоодо. Жыйынтыгында сертификат тапшырылат.

«Биздин коом 10 жылдан бери Кумтөр Оперейтинг компаниясы менен келишим түзүп иштешип келебиз. Анда алтын кенде иштеген кызматкерлер эки жылда бир жолу биринчи жардам көрсөтүү, коопсуздуктун алдын алуу боюнча билим алып келишет. Программада дүйнөлүк стандарт боюнча канды токтотуу, күйүк болууда эмне кылыш керектигин, өпкө жүрөктү жандандыруу, талма, сынык ооруларга жардам көрсөтүүнү теориялык жана практикалык түрүндө үйрөнүп кетишет. Билим берүүнүн жыйыныгында атайын тест жүргүзүлөт. Биздин окуудан алды 25 жылдан бери иштеп, окуп келген кызматкерлер болгондуктан сынакты оӊой эле тапшыра алышат», деди Т.Байзаков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.