Кыргызстандык орто мектептердин 67% Интернет менен камсыздалган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, 2017-2018-жылдары 249 мектепке 1 304 компьютер алынган. Билим берүү системасын цифровизациялоо үчүн министрлик 1-4 класстардын окуучулары үчүн iBilim, 5-9 класстар үчүн Билим Булагы платформасын иштеп чыккан.

Билим берүү системасын башкаруу платформасынын негизинде “Ачык бюджет” мугалимдердин маянасын автоматикалык түрдөө санайт. Ошондой эле, мектептеги китептерди жүктөө үчүн Lib.kg платформасы жана КР китепканаларынын электрондуктармагы Кирлибнет долбоору ишке ашырылып жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.