КР президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин жарандарын кыргыз тилине үйрөтүү маселеси биринчи орунда тургандыгын айткан. Аны менен бир катарда орус тили да сакталып калыш керек.

«Кыргызстан Пушкин менен Достоевскийдин тилинде эркин сүйлөгөн мамлекеттердин бири. Бул кенчти биз сактап жана көбөйтүшүбүз керек», — деп мамлекет башчысы басмалады.

Азыркы убакытта орус мектептерде класстарда орундар жетишпейт. Мындай көрүнүш баш калаада эмес, элет да.

«Түштүк региондордун 80% тургундары балдарын орус тилде окуткан мекемелерге бергенге аракеттенишет. Алар келечекте орус тили керек болорун түшүнүп жатат», — дейт Оштук мамлекеттик юридикалык институтунун ректору Эгемберди Токторов.

Оштун гуманитардык педагогикалык институтунун ректору Бекмырза Зулуев өзүнүн кесиптеши менен макулдугун айтты. Анын айтмында, орус класстарда азыркы убакытта 40-60 окуучу болсо, кыргыз тилинде окуган класстарда -15-20 окуучу.

Бирок коомчулукта орус тилинде сүйлөгөн кадрлардын, адабияттын жетишсиздиги атайын саясий кыймыл менен төмөндөтүлүп атат деген ойлор көп.

Автор: Кумушай Алтынбаева.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.