Бүгүн, 31-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы №3 Ломоносов атындагы мектептеги 500 орундуу корпустун курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Шаар башчысы, курулуштун сапатына негизги көнүл буруш керектигин басмалады. Андан сырткары, Сарыбашов керектүү жабдууларды сатып алуу, жана ашкананын курулушунун зарылдыгын билдирип, аларды долбоорго киргизүү тапшырмасын берди.

Эскертсек, мектептеги жаңы имараттын курулушу 2016-жылдын сентябрында башталып, 70% бүткөн. Курулштун тендердик баасы 45 млн сом.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.