Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун М. Мамбетов орто мектебинин окуучулары билим алуу үчүн 4- кышты маданият үйүнөн өткөрүшөт. Бул жылы да 400гө жакын окуучуга от жагуу мезгилинде ыӊгайсыздык алып келерин облустук билим берүү институтунун методисти Сүйүндүк Ишенбаев билдирди.

Малыматка ылайык, аталган райондун Тогуз Булак айылынын окуган окуучулары 4 жылдан бери маданият үйүнөн билим алышууда. Айылдын клубун электр энергиясы менен жылыгандыктан кышкы мезгилди өткөрүү ыӊгайсыз.

«Тогуз Булак айылына жаӊы салынган М. Мамбетов атындагы мектептен 2013-2014-жылы көгөрүп баштаган. Азыркы тапта колдонууга мүмкүн эмес, шыбы, полдору таптакыр чирип кетти. Ошол себептен балдар маданият үйүндө билим алышууда. Кышкысын көмүр жагылбагандыгына байланыштуу электр жарыгы менен жылыйт. Бул аракеттер кандай болгон күндө дагы окуучуларга да, мугалимдерге да ыӊгайсыздык жарат», деди Ишенбаев.

Эске сала кетсек, Тогуз Булак айылындагы мектеп мурдагы 2005-жылдары ишке берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.