Ысык-Көл облусундагы мектептердин 56% компьютер менен камсыздалды. Ага кошумча айрыкча Ысык-Көл менен Ак-Суу райондоруна алуу керек. Бул тууралу облустук билим берүү институтунун жетекчисинин орун басаары Нүргүл Шарапова билдирди.

Маалыматка ылайык, жакынкы убакта материалдык техникалык базаны калган мектептерге да жайылтуу керек. Себеби билим берүү системасына электрондук тестирлөө кирип жатат.

“Облуста билим сапатын жакшыртуу максатында окуучулар чейрек сайын электрондук тестирлөөдөн өтүп турушат. Бул ыкма бир жагынан окуучулардын кызыгуусун арттырууда. Бүгүнкү күндө Тоң районунда 415, Жети-Өгүдө 641, Ак-Сууда 429, Түптө 548, Ысык-Көл районунда 331 жана Балыкчы Караколдо 380 компьютер иштеп жатат. Алдыда долбоорлордун демөөрчүлөрдүн жана министрликтин жардамы аркылуу кошумча камсыздоо жагы каралат “, – деди Н.Шарапова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.