Ысык-Көл облусундагы өспүм- балдардын спорттук мектебинин жабылышына дзюдочулар каршы пикир жаратууда. Бул боюнча дзюдонун директору Алим Малдыбеков билдирди.

Анын айтымында жаштар иштери дене тарбия жана спорттук агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов облустук спорт мектебин жабууга билдирүү жасаган. Бул боюнча 5-октябрда буйрук чыккандыгы маалымдалган. Ал эми мектепти жабуунун максаты бул мурдагы пикир келишпестикке байланыштуу деди Малдыбеков.

“Мен облустук өспүрүмдөр спорт мектебин 22 жылдан бери жетектеп келгем. Бирок, акыркы жылдан бири мени кызматтан кетирүгө соттук процесстер жүрүп отуруп облустагы эки соттон утулуп, кайра жогорку соттон утуп алгам. К.Аманкулов ушуга байланыштуу мектепти жаптырып жатат деген ойдомун. Эгер балдардын машыгуучу жайы ишин токтотсо 60 адам жумуш оорду жок, миңге жакын өспүрүм үйлөрүндө отуруп калат. Машыктыруучулардын алды 22 жылдык тажрыйбасы бар. Эми алар башка мектептерге барып иштеп кесиптештерине аралашуу кыйынга турат. Ошондуктан биз президентке, ЖК депутаттарына кат жолдодук. Эми өспүрүмдөр мектебин сактап калуу боюнча кандай жооптор келет, биз аны күтөбүз”, – деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.