Ысык-Көл мамлекетттик университетте 2017-2018-окуу жылында жалпы 1 миң 350 бүтүрүүчү окууну аяктаган. Бүгүнкү күндө алардын 60-70 %зы жумуш менен камсыз болорун аталган окуу жайдын ректору Курманбек Абдылдаев билдирди.

Анын берген маалыматында К.Тыныстанов атындагы ЫМУдан жогорку билим менен 848 студенттин ичинен 35 кызыл диплом алды. Андан сырткары коледжден 22 окуучу, 3 магистрант артыкчылык менен аяктады. Учурда жумуш орундар камсыздалууда.

«Биз акыркы жылдардан бери кызыл диплом берүүнү өтө дыкааттык менен карап, аяр мамиледе берип калдык. Мурда 100гө чакын студент артыкчылык менен аяктап келсе, быйыл ага салыштырмалуу пайыздык көрсөткүч төмөндөдү. Бүгүнкү күндө окуу жайдан жалпы 1 миң 350 билим алуучу бүтүп, ишке орношуу жагын көзөмөлгө алып жатабыз. Себеби, билим берүү министрликтин алдындагы карьера борбору менен байланыш түзүп алганбыз. Анын аркасы менен 70% бүтүрүүчү адис жумушка орношкондугу маалым болду. Алардын ичинде кесиби дал келбей калса, башка чөйрөдө иштеп жатат», – деди Абдылдаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.