Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун эсебинен курулган 4 бала бакча ишке берилет. Учурда Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондоруна жана Балыкчы шаарына курулган мекемелер комиссия тарабынан текшерилип жатканын аталган фонддун жетекчиси Алдаярбек Тойгоналиев биилдирди.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылынына курулуп жаткан 100 орундуу бала бакча бүттү. Ага Кумтөр бөлүнгөн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан жалпы 28 миллион 892 миң сом сарпталган. Эмерегине да фонддун эсебинен 1 миллион 200 миң сом каралган.
“Быйылкы жылы облуста 4 бала бакча курулду. Ак-Теректеги имарат келээрки жумада ачылат. Аны менен катар Балыкчыга 100 орундуу бакчага 32 миллион 328 миң сом бөлүнгөн. Жаркымбаев айылындагы 100 орундук имаратка 34 миллион 663 миң сом, Тегизчил айылына 60 орундук бакчага 15 миллион 302 миң сом жумшалды. Учурда жумушчу комиссия карап чыкты. Бизден кийин мамэкотехинспекциясы текшерип, андан соң ишке берилет”, деди А.Тойгоналиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.